Базар-Коргондо лицей окуучуларына мыйзамсыз аттестат берилген. Башкы прокуратури иш козгоду

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы №52 кесиптик лицейинде окуучуларга мыйзамсыз аттестат жана диплом берүү фактысын аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө лицейдин кызмат адамдары 2024–2025-жылдары чет өлкөдө жүргөн 10 окуучуну сабакка катышкан катары көрсөтүп, документтерди жасалмалоо аркылуу аларга бүтүргөндүгү тууралуу документтерди беришкени аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бул окуя боюнча Агартуу министрлиги комментарий берип, тергөө органдарынын жыйынтыгын күтөрүн, ал чыккандан кийин күнөөлүү адамдар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын билдирди.
Ошондой эле министрлик мындай жагдайлардын алдын алуу үчүн 2026–2027-окуу жылынан тартып кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат жана диплом берүү тартиби электрондук күндөлүк системасы менен бириктирилерин маалымдады. Мында окуучулардын сабакка катышуусу электрондук түрдө катталып, документтер иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде гана чыгарылат.