«IFC» Эл аралык финансы корпорациясы менен Жапаров кездешти

«IFC» Эл аралык финансы корпорациясы менен Жапаров кездешти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана «IFC» Эл аралык финансы корпорациясынын аймактык менеджери Мунир Ферози мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматындагы долбоорлорду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тараптар телекоммуникация тармагындагы долбоорлорду жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти.

Маектешүүнүн маанилүү темасы «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомун модернизациялоо маселеси болду.

Кеңешменин жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы «Манас» ачык акционердик коомун модернизациялоо боюнча сунуштарды даярдоону тездетүүнү, кошуна мамлекеттердеги ийгиликтүү долбоорлордун мисалында энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүнүн оң тажрыйбасын пайдаланууну, ошондой эле бул багытты өнүктүрүү боюнча 3 пилоттук долбоорду ишке берүүнү сунуштады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>