Сентябрдын жылуулугу жана тоолордогу жаан: 18-сентябрга карата аба ырайы

Бүгүн, 18-сентябрда өлкөнүн өрөөндүү аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун басымдуу бөлүгүндө, ошондой эле Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана калган аймактардын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
• Чүй облусунда түнкүсүн 8…13°C, күндүз 26…31°C;
• Талас облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 23…28°C;
• Ош облусунда түнкүсүн 13…18°C, күндүз 27…32°C;
• Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 13…18°C, күндүз 27…32°C;
• Баткен облусунда түнкүсүн 13…18°C, күндүз 27…32°C;
• Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 20…25°C;
• Нарын облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 22…27°C;
• Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12…14°C, күндүз 29…31°C (жаан-чачын күтүлбөйт);
• Чолпон-Ата шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12…14°C, күндүз 20…22°C (жаан-чачын күтүлбөйт).