Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Шаардык сот Атамбаевди абакта калтырды
04.09.2019 | 15:45
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттардын апелляциялык арызы канаатандырылган жок.
УКМКнын имаратында өткөн соттук отурумда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун Атамбаевди 26-октябрга чейин камоо чечимин күчүндө калтырды.
Мындан сырткары шаардык сот адвокаттардын Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугу боюнча арызын карап, судья аны да канааттандырган эмес.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң колго түшүп УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал бир нече оор кылмыштарга шектелүүдө.
Башкы прокуратура Атамбаевке жана анын жакындарына таандык бир нече кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү камакка алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат