logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Шаардык сот Атамбаевди абакта калтырды

Шаардык сот Атамбаевди абакта калтырды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттардын апелляциялык арызы канаатандырылган жок.

УКМКнын имаратында өткөн соттук отурумда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун Атамбаевди 26-октябрга чейин камоо чечимин күчүндө калтырды.

Мындан сырткары шаардык сот  адвокаттардын Атамбаевди кармоонун мыйзамдуулугу боюнча арызын карап, судья аны да канааттандырган эмес.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң колго түшүп УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал бир нече оор кылмыштарга шектелүүдө.

Башкы прокуратура Атамбаевке жана анын жакындарына таандык бир нече кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү камакка алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>