Депутат Тогуз-Торонун милициясына унаа белек кылды

Депутат Тогуз-Торонун милициясына унаа белек кылды

Кечээ, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук милициясына «ВАЗ 2121»  унаасын белек кылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Унаа тапшыруу аземи облустук милицияда өтүп, ага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук милициянын башчысы Ашим Тагаев, Тогуз-Торо райондук милициясынын башчысы Муктар Атыканов жана өздүк курам катышкан.

Ташиев өз сөзүндө Тогуз-Торо району облустун алыскы аймактарынын бири экендигин, районго баруучу жолдун катаалдыгын, аба-ырайы тез-тез өзгөрүп тургандыгын белгилеп, ошол себептен унаа берүүнү чечкенин айтып өттү. Мындан ары да Жалал-Абад облусунун башка райондоруна колдоо көрсөтөрүн белгилеген. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин майрамдары менен куттуктап, коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон зор салымдарын айтып, иштеринде ийгиликтер болуусун каалады.

Ашим Тагаев депутат Шаирбек Ташиевге милициянын ишин жогору баалап, колдоо көрсөткөндүгүнө ыраазычылык билдирген.

Мындан сырткары, кызматта жетишкен ийгиликтери жана милициянын участкалык инспекторлорунун күнүнө карата бир катар кызматкерлер Министрлер кабинетинин төрагасынын атынан «Алкыш», ИИМдин төш белгилери жана медалдары менен сыйланышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>