Шайлоо-2021: Айыл өкмөттөр кызматын убактылуу токтоттуу

Шайлоо-2021: Айыл өкмөттөр кызматын убактылуу токтоттуу

Парламенттикке талапкерлерди каттоо үчүн кызмат ордунан бошотулгандыгы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп тургандыгы жөнүндө документтерди тапшырышы керек. Ошого байланыштуу 6 айыл өкмөт жана бир катар жетекчилер өз ыйгарым укуктарын токтотушту:

1) Нурбаев Жалолидин Паязидинович, Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөт башчысы;

2) Пасаңов Эржигит Жетимишович, Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысы;

3) Оморов Чынгыз Ашырбекович, Жалал-Абад Ош облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөт башчысы;

4) Рыскулбек уулу Нурмат, Чүй облусунун Жайыл районунун Красно-Восток айыл өкмөт башчысы;

5) Джекшенов Мирлан Ратынбекович, Чүй облусунун Москва районунун Жаңы-Жер айыл өкмөт башчысы;

6) Мурсалиев Акылбек Рыскелдиевич, Чүй облусунун Кемин районунун Боролдой айыл өкмөт башчысы.

Ошондой эле Иманкулов Чүй облусунун Кайыңжы шаардык кеңешинин төрагасы Эркин Токтаалиевич өз ыйгарым укуктарын токтотту.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Балдардын спорт мектебинин директору Сыргабаев Замирбек Самаматович дагы ээлеген кызматын бошотту.

Учурда саясий партиянын тизмесинде депутаттыкка талапкер катары шайлоого бараткан Акыйкатчы Токон Мамытов ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө арыз жазды. Бул туурасында БШКнын расмий сайтында жарыяланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>