Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлери Чолпон-Ата декларациясына кол коюштуИИМ жашыруун баңгизат лабораториясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койдуАзербайжандын президенти Садыр Жапаровго Гейдар Алиев орденин тапшырдыБорбордук Азия жана Азербайжан өлкө башчылары Чолпон-Ата декларациясына кол коюштуБУУ: 300 миңден ашуун адам кибералдамчылыкка мажбурлануудаЭмомали Рахмон Борбордук Азия өлкөлөрүнө биргелешип ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады
Шайлоо – 2021: Дагы бир партия шайлоого катышат
02.09.2021 | 11:15
Акыркы саттарга алынга маалыматтарга караганда, БШКга парламенттик шайлоого катышуу боюнча ниетин “Күч биримдикте” саясий партиясы билдирген. Ушуну менен 16 партия саясий жарышка аттанаары белгилүү болду.
Буга чейин төмөнкү партиялар шайлоого катышаарын билдирген болчу. Алар:
- «Социал-демократтар» партиясы;
- «Улуттар биримдиги» партиясы;
- «Ишеним» партиясы;
- «Кыргызстандын жашылдар партиясы»;
- «Жаратман эл» партиясы;
- «Альянс» партиясы;
- «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»;
- «Ата Мекен» партиясы;
- «Ыйман Нуру» партиясы;
- «Эл үмүтү социалдык саясий партиясы»;
- «Актив» партиясы;
- «Бийлик элге» партиясы;
- «Акыйкат Кыргызстан» партиясы;
- «Ар-Намыс» партиясы;
- «Альянс Кыргызстандын саясий күчтөрү» партиясы.
Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ага катыша турган партиялар билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь күнү саат 18:00гө чейин тапшырышы зарыл. Ал эми шайлоо жаңы Конституцияга ылайыкталып жана кайра иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Депутаттардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат