Лейлекте бир кишини атып кетти

Лейлекте бир кишини атып кетти

Баткен облусунун Лейлек районунда  кылмыш изи сууй электе адам өмүрүн алган окуянын бети ачылды. Бул туурасында райондук милиция кабарлады.

28-август күнү жергиликтүү милицияга  адам өлгөндүгү тууралуу кабар келет. Атайын ыкчам топ Исфана шаарынын 28 жаштагы жарандын өз үйүндө уктап жаткан жеринен белгисиз бирөөлөр атып кеткени ачыкталган.  Андан көп өтпөй адам өлтүрүп  кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн жеринен Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну Исфана шаарынан кармалды.

Тинтүү маалында мыйзамсыз сактап жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу курал, ок дары, дагы башка  атайын кесилип даярдалган 20 калибрдеги сайсыз курал, баштыкка оролгон наркотикалык зат, атайын бет кап жана атайын каражаттар жашырып койгон жеринен табылып алынды. Учурда тергөө уланып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>