Шайлоо-2021: Мигранттар үчүн мобилдик топ иштей баштады

Шайлоо-2021: Мигранттар үчүн мобилдик топ иштей баштады

Мигранттарга шайлоо боюнча маалымат бере турган мобилдик топтор иштей баштады. 21-сентябрдан тартып Орусияда старт алган. Москвада жана Санкт-Петербургда жолугушуулар болуп өттү. 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин Тюмень, Томск, Хабаровск, Казань, Самара, Краснодар шаарларында жолугушуулар мерчемделүүдө. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-сентябрдан тартып 28-сентябрга чейин Италияда – Рим жана Кальяри шаарларында, 1-октябрдан тартып 10-октябрга чейин Түркияда – Стамбул жана Анталья шаарларында жолугушуулар өтөт. Жакын арада АКШнын Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында дагы ошондой кездешүүлөр болот.

Мобилдик топтор алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участокторунун даректери жана саны, жарандарды консулдук каттоого алуу, биометрикалык каттоодон өткөрүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул демилге Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Германия өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>