Ыңгайлуу жылуу аба ырайы жана жаан-чачынсыз: 6-сентябрга карата аба ырайыКөк бөрү боюнча финалдар жана көчөлөрдүн жабылышы: Бишкекте 6-сентябрга карата иш-чаралардын тартибиКөк бөрү боюнча финалдар жана Көчмөндөр оюндарынын жабылышы: Кыргызстан боюнча фан-аймактардын даректери«60 млн доллар эмес»: Аскат Алагозов «Бишкек Аренанын» баасы тууралуу имиштерди төгүндөдүДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында балбандар таймашы: Ирандык спортчу стронгмэн боюнча чемпион болдуБакыт Сыдыков Кыргызстан санкциялык тобокелдиктер менен кантип күрөшүп жатканын айтып берди
Шайлоо босогосу эми шайды оодарбайбы? – видео
01.07.2020 | 17:22
Мындан үч жыл мурун азыркы VI чакырылыштагы парламент депутаттарынын демилгеси менен 9 пайызга көтөрүлгөн шайлоо босогосу кайрадан 7 пайызга түштү.
Жакында эле, дал ошол VI чакырылыштагы парламент депутаттары кабыл алган мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда кол койду. Ага ылайык күздө өтө турган парламенттик шайлоо жети пайыздык чек менен өтмөй болду.
2017-жылдагы шайлоо босогосунун 9 пайызга көтөрүлүшүнүн максаты “КСДП түбөлүк бийликтен кетпеш керек” деген таризде кабыл алынган.
Анткени шайлоо босогосу жогору болсо парламентке жаңы күчтөр кире алышпайт. Бийликтин партиясы жана олигархтар парламентти ээлеп, чыныгы элдин өкүлдөрү, элдин башка катмарынын үнү угулбай калмак…