Шайлоо фонду: Партиялардын алды 10 миллион, арты 200 сом которду

Шайлоо фонду: Партиялардын алды 10 миллион, арты 200 сом которду

Күздө өтө турган парламенттик шайлоого катышарын билдирген 44 партиянын 42си БШК аныктаган «РСК Банк» жана «Айыл Банкта» атайын эсеп ачып, шайлоо фонддорун түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 

Шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө БШКга жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү.

7-августка карата 12 партия шайлоо фондуна түшкөн каражат жана аны сарптаганы боюнча БШКга маалымат берген.

Алар төмөндөгүдөй:

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын эсебине үч млн. 35 миң сом салынып, эки млн. 718 миң сому коротулган.

«Социал-демократтар» партиясынын шайлоо фондуна бир млн. 703 миң сом түшүп, бир млн. 544 миң сому сарпталган.

 «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» эсебинде 200 сому бар.

«Бир Болдун» шайлоо фондуна 9 млн. 676 миң сом салынып, партия анын 5 млн. 269 миң сомун короткон.

«Республика» партиясынын эсебине 800 миң сом түшүп, 120 миң сому коротулган.

 «Биримдиктин» шайлоо фондуна 200 миң сом которулуп, анын 80 миңи сарпталган.

«Чоң казат» партиясынын шайлоо фондунда 375 миң сом түшкөн.

 «Мекенчил» партиясынын дондунда 11 миң 500 сом бар.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын капчыгына  2 млн. сомго жакын акча которулган.

«Реформа» партиясынын эсебинде 348 миң сом бар.  

«Кыргызстандыкына» 10 млн. сом салынган.

«Ордо» партиясынынын эсебинде 200 миң сом бар.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VII-чакырылышына шайлоо өтөт. Ага катышуу ниетин билдирип, 44 саясий партия документтерин БШКга жөнөткөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>