Шакиев менен Примовдун тууну өзгөртүү демилгеси. Соцтармактардын реакциясы

Шакиев менен Примовдун тууну өзгөртүү демилгеси. Соцтармактардын реакциясы

Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүүнү сунуштап, тиешелүү мыйзам долбоорун даярдаган Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примовдун демилгеси социалдык тармактарда сындалып, шакабага алынды.

Белгилүү болгондой, Шакиев менен Примов Кыргызстандын туусундагы түндүк менен толкун сымал күндүн нурларынын айкалышын күн караманын гүлүнө же бөз үйдүн сырткы көрүнүшүнө салыштырган чечмелөөлөр болгондуктан, күндүн нурларын түз кылып өзгөртүү сунуштаган.

Соцтармактарда эки депутаттын демилгесин сындагандар четтен чыгып, шакаба кылгандар да бар.

Тууну өзгөртүү демилгесине байланыштуу тамаша ойлоп тапкандар да болду.

Айрым жарандар эки депутат тууну өзгөртүү демилгеси менен элди өлкөдөгү көйгөйлөрдөн алаксытууга аракет кылууда деп эсептейт. Мындан улам бийликте отургандар элдин, мамлекеттин ичиндеги маселелерди чечүүнү ойлосо деген пикирде.

Ал эми мурдагы Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев депутаттарга тууну өзгөртүүдөн маанилүү иштер менен алектенүүнү сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>