Шаршенбеков Олимпиададан кийин спорттук карьерасында кандай өзгөрүү болорун айтты (видео)

Шаршенбеков Олимпиададан кийин спорттук карьерасында кандай өзгөрүү болорун айтты (видео)

Грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков Париждеги Олимпиада оюндарынан кийин спорттук карьерасында кандай өзгөрүү болорун айтты.

Шаршенбеков Дүйнөлүк күрөш уюмуна курган маегинде Олимпиаданы ийгиликтүү жыйынтыктагандан кийин салмак категориясын алмаштырууну, 67 кг ченде күрөшүп баштоону пландап жатканын билдирген. Бул боюнча агайлары менен акылдашканын да белгилеген. Учурда ал 60 кг салмакта күрөшөт.

«67 кг салмакта ким күчтүүмүн деген балбандар менен күрөшкүм келет. Күчтүүлөр менен күрөшкөн жагат. Кооз күрөш көрсөткүм келет», — дейт Шаршенбеков.

Белгилей кетсек, Шаршенбеков тууралуу видео Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) тарабынан быйыл апрелде Бишкекте өткөн Азия биринчилигинин алдында тартылган. UWW видеону 25-июлда жарыялады.

Шаршенбеков: Олимпиаданын көп жолку чемпиону болуу максатым бар (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>