Бишкекте аял жүк ташуучу унаанын астында калып, каза болдуОшто аэропорт кызматкери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип кармалдыБишкекте балыкты кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирдиКыргызстанда атын же фамилиясын кантип өзгөртсө болот жана эмнелерге тыюу салынат: «Кызмат» ММнин түшүндүрмөсүБишкекте М. Иманалиев көчөсүнүн айрым тилкелери оңдоого жабылатЧоң-Кеминде ак илбирсти коргоого арналган экологиялык фестиваль өтөт
Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон сапары жылдырылды
08.12.2022 | 11:03
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары жылдырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Чыңгыз Кустебаев билдирди.
Анын айтымында, Мирзиеевдин мамлекеттик сапары жыл аягына чейин өтөт.
“Өзбекстандын президентинин сапары жокко чыгарылган жок. Ал жылдырылып, жыл аягына чейин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунан тышкары өткөрүлөт”, – деди ал.
Буга чейин Мирзиеев Бишкекке ЕАЭБ саммитине катышуу үчүн 9-декабрда келери кабарланган. 10-декабрда мамлекеттик сапары болуп өтмөк.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом