Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
«Гавайидеги» ок атуу менен коштолгон жаңжал — 22 адам кармалды
23.06.2026 | 12:54

«Гавайи» эс алуу аймагындагы окуядан кийин Чүй райондук ИИБге (Ички иштер бөлүмү) 22 адам жеткирилип, беш унаа алынды. Бул тууралуу 23-июнда Чүй облустук ИИББдин (Ички иштер башкы башкармалыгы) басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 22-июнда саат 23:47де милицияга Бишкек — Торугарт айланма жолундагы «Гавайи» эс алуу аймагынын тушунда тирешүү (жаңжал) болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жаштардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал мушташка айланганы, андан кийин чырдын катышуучулары бири-бирин унаалар менен кубалап, ок чыгарып, бири-бирине таш ыргытышканы аныкталган. Натыйжада Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айнектери жана күзгүлөрү сынган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттары («Ээнбаштык») боюнча каттоого алынды. Окуяга тиешеси бар бардык адамдар такталууда.