ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздук штабы 24/7 режиминде иштейт

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана башка эл аралык иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча координациялык штаб күнү-түнү жана мобилдик режимде, анын ичинде иш-чаралар өтүүчү жерлерге баруу менен иштейт. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Такталган маалыматка ылайык, Координациялык штаб Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана башка иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо үчүн мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тескемеси менен түзүлгөн.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков белгилегендей, биргелешкен иштин негизги милдети — коопсуздукка болгон коркунучтарды өз убагында аныктоо жана зыянсыздандыруу, ошондой эле мекемелер аралык ыкчам чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.
«Бардык тобокелдиктер алдын ала аныкталып, жоюлушу керек», — деп баса белгиледи ал.
Эскерте кетсек, ШКУ саммити 2026-жылдын август-сентябрь айларында Бишкекте өтөт, ал эми Оюндар 31-августтан 6-сентябрга чейин болот. Ачылыш аземи Бишкекте, ал эми мелдештердин өзү Ысык-Көлдө өтөт. Иш-чарага 100дөн ашык өлкөдөн спортчулардын жана коноктордун катышуусу күтүлүүдө.
Оюндардын маданий программасынын байге фондуна 4 миллионго жакын сом бөлүнөт. Иш-чаранын алкагында спорттун улуттук түрлөрү жана ат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлөт.
Reporter.kg — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалыматтык өнөктөшү.