Кыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда«Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна кантип «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берүүгө болотМажбурлоосуз улуттук иденттүүлүк: Кыргызстанда жаңы мыйзам сунушталуудаЖалал-Абад облусунда кармалган адам милициядагы кыйноолорго даттандыАймен Касенов Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди«Өзүңүздү Ташиев сезип алдыңызбы?» — Сурабалдиева вице-мэрди катуу сынга алды
Швейцарияга президентти коштоп кимдер кетти? (тизме)
09.07.2019 | 09:38
Бүгүн, 9-июлда президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурер, Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.
Өлкө башчы 9-11-июлга чейин жүрөт.
Расмий делегация курамы:
- Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков;
- Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
- Швейцариядагы Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Мукашев;
- Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров;
- Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова;
- Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков;
- Экономика министри Санжар Муканбетов;
- Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева;
- Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.
Рубрики: Жаңылыктар