Кыргызстанда 677 миң гектардан ашык жерге жаздык айыл чарба өсүмдүктөрү эгилдиАт-Башыда 7 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыБиринчи гол жана жеңилүү — Өзбекстан Дүйнө чемпионатында дебют жасадыЖалал-Абад облустук филармониясында коррупция фактысы аныкталып, үч адам кармалдыМугалимдерди оңдоо иштерине тартуу уланууда — БекешевКыргызстандын экономикасы беш айда: Рекорддук өсүш жана кымбаттаган жашоо
Шыкмаматов менен Мамытов кайсы партия менен шайлоого аттанат?
10.09.2021 | 14:01
Санариптик өнүктүрүү министри Алмамбет Шыкмаматов парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетет. Ал “Ынтымак” партиясынын тизмеси менен ат салышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булак билдирди.
Өздүк булактын маалыматына ылайык, «Ынтымак» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов да шайлоого барат.
Жаңы түзүлгөн «Ынтымак» партиясы 2021 -жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоого ийгиликтүү катышкан. Бишкек шаардык кеңешинде партия алты мандатка ээ болсо, Ошто партия добуш берүүдөн бир күн мурун шайлоо жарышынан баш тартууга аргасыз болгон.
Партиянын лидери Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат