Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Ошто 600дөн ашык жол белгилери жетишпейт
10.09.2021 | 13:52
Ошто 634 жол белгилери жетишсиз. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык жолдор башкармалыгынан билдиришкенин “Акчабар” жазды.
Маалыматка ылайык, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда 634 жол белги керектелет. Ага жалпы 2,5 миллион сом жумшалат. Учурда кошумча жол белгилери үчүн тендер жарыяланганы белгилүү болду.
2020-жылдын башында 35 кесилишке 10 миллион сомго жол белгилери орнотулуп, төрт комплект жол чырак коюлган.
Эске салсак, Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору быйылкы жылы ишке кирээри күтүлүүдө.
Ал үчүн шаардагы 35 көчөнүн кесилишине 600 видеокөзөмөл орнотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом