Саламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуялар
Шыкмаматов менен Мамытов кайсы партия менен шайлоого аттанат?
10.09.2021 | 14:01
Санариптик өнүктүрүү министри Алмамбет Шыкмаматов парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетет. Ал “Ынтымак” партиясынын тизмеси менен ат салышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булак билдирди.
Өздүк булактын маалыматына ылайык, «Ынтымак» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов да шайлоого барат.
Жаңы түзүлгөн «Ынтымак» партиясы 2021 -жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоого ийгиликтүү катышкан. Бишкек шаардык кеңешинде партия алты мандатка ээ болсо, Ошто партия добуш берүүдөн бир күн мурун шайлоо жарышынан баш тартууга аргасыз болгон.
Партиянын лидери Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат