«Силерге болот, бизге болбойбу?» Садыр Жапаров АКШга жооп берди

«Силерге болот, бизге болбойбу?» Садыр Жапаров АКШга жооп берди

Президент Садыр Жапаровдун АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына жооп берди. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Энтони Блинкен Кыргызстандын парламенти карап жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна карата тынчсыздануусун билдирип кат жолдогон.

Садыр Жапаров катта мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экендигин айтат.

“Мыйзам долбоорунун максаты — коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө он миңдеген уюмдар бар, алар Кыргызстанда мурда мамлекет тарабынан чечилбей, каралбай калып келген көптөгөн проблемаларды чечүүгө умтулуп, ийгиликтүү иштеп жатышат. Алар чет мамлекеттерден, анын ичинде АКШдан жана Евросоюз өлкөлөрүнөн гана эмес, башка өлкөлөрдөн да каржыланууда”, — дейт ал.

Президент бейөкмөт уюмдардын ишине мамлекеттик көзөмөл болуу керектигин айтат.

Ал АКШда чет элдик агенттер тууралуу мыйзам бар экенин эске салды.

“FARA мыйзамында чет өлкөлүк агенттин статусу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана эмес, башка юридикалык жана жеке жактар үчүн да каралган. Каттоодон кечиксе же баш тартса – административдик эле эмес, ал тургай кылмыш-жаза жоопкерчилигин да тартат деп турат. Ушуга байланыштуу бир суроо жаралат: эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт?”, — дейт ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: көзөмөл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>