Милиция кармаган журналист Эрмек Аттокуров үй камагына чыкты

Милиция кармаган журналист Эрмек Аттокуров үй камагына чыкты

Чүй облустук милициясынын кызматкерлери тарабынан кармалган журналист Эрмек Аттокуров үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Аттокуровдун бөгөт чарасы 10-февралда Свердлов райондук сотунда каралып, ал 28-февралга чейин үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, буга чейин Чүйдүн милициясы Эрмек Аттокуров укук коргоо органында иштеген кызмат адамдан 1 млн сом опузалаганын, 8-февралда 100 миң сом алып жатканын жеринен кармалганын билдирген.

Бирок ошол эле учурда журналист Эрмек Аттокуров аны милиция кармашы мүмкүн экенин алдын ала айтып, “Фейсбуктагы” баракчасына милиция тарабынан “подстава” жасалышы ыктымал экенин жазган.

“Жакынкы аралыкта Чүй обл жана Сокулук рай милициясы тарабынан мага карата “провакация” же «подстава» болушу мүмкүн. Чөнтөктөн же машинеден жашыл түстүү белгисиз заттарды “таап алышы” деле ыктымал. Азыр буларга толук “ишенип” калдым”, — деп билдирген.

Эрмек Аттокуров кармалганга чейин Чүйдүн милициясынын ишин, укук коргоо системасын сындап келген.

“Подстава” жасалышы мүмкүн экенин айткан журналист кармалды (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>