Словакияга кыргызстандыктарды иштөөгө мыйзамсыз жөнөткөн чет элдик компания аныкталды

Словакияга кыргызстандыктарды иштөөгө мыйзамсыз жөнөткөн чет элдик компания аныкталды

Бүгүн, 25-январда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте «Тышкы эмгек миграция жөнүндө» мыйзамына ылайык Кыргызстандын жарандарын Словакияга жиберүүгө тиешелүү уруксат кагазы жок жеке агенттиктин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүштү.

Аталган министрликтен билдиришкендей, мониторингдин жүрүшүндө жетекчилери Словакиянын жана Казакстандын жарандары болгон чет өлкөлүк «Monto Corporation» компаниясы Словакияга автобус айдоочуларынын бош кызмат ордуна Кыргызстандын жарандарынын ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталган.

Ошол эле учурда чет өлкөлүк компания Кыргызстандын аймагында чарба жүргүзүүчү субъект катары катталган эмес жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты жок болгон. Ошондой эле кызматкерлер үчүн социалдык коргоо жана эмгек коопсуздугунун кепилдиктерин камсыз кылган эмес, муну менен Кыргызстандын мыйзамдарын бузган.

Мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо максатында кызматкерлер тарабынан аталган уюм менен чет өлкөгө жумушка тартуунун тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мыйзам бузуу фактысы боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чакырылып, анын жыйынтыгы менен компаниянын ишине бөгөт коюу жана аны жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүү үчүн протокол түзүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>