Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Соцфонд пенсияны каржылоого 37,3 млрд сом бөлдү
15.10.2021 | 15:37
Социалдык фонд ушул жылдын январь-сентябрь айларында 50 миң 725 жаранга пенсия чегерди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоо январь-сентябрь айлары үчүн 37 миллиард 327,3 миллион сомду түздү. Сумманын көбү Ош облусундагы пенсионерлерге багытталган.
Кошумчалай кетсек, пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоо ушул жылдын сентябрь айында 4 миллиард 81,3 миллион сомду түзгөн.
Мындан тышкары, 699 пенсионердин эмгек стажы, эмгек акысы жана майыптыгы боюнча кошумча берилген документтердин негизинде пенсиясы кайра эсептелип чыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика