Эрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчы

Кыргызстанда эрте никеге турууга мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан, бул көйгөй дагы деле актуалдуу бойдон калууда. Айрым аймактарда сурамжылоого катышкан мектеп окуучуларынын 52%га чейини өз чөйрөсүндө эрте никеге туруу учурларын билерин, ал эми 40%дан ашыгы эрте кош бойлуулук учурларына күбө болгонун билдиришкен. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңеште 2025-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча жылдык баяндамасын сунуштап жатып билдирди.
Мындай жыйынтыктар Акыйкатчы институту Чүй, Ош, Талас жана Баткен облустарындагы мектеп окуучуларынын арасында жүргүзгөн мониторингдин негизинде алынган.
Жаманбаеванын айтымында, эрте никеге туруу жана кош бойлуулук учурларынын көбү жашы жете элек кыздар төрөт үйлөрүнө түшкөндө же медициналык жардамга кайрылганда гана ачыкка чыгууда. Бул мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу системасында олуттуу кемчиликтер бар экенин көрсөтөт.
Мониторинг ошондой эле турмушка чыгуу боюнча чечимдер көп учурда кыздардын өз каалоосу менен эмес, үй-бүлөсүнүн таасири астында кабыл алынарын аныктаган.
Мунун кесепетинен кыздар билим алуусун улантуу, өз келечегин өз алдынча тандоо жана коопсуз жашоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүн. Мындай жагдайлар физикалык жана психологиялык зомбулукка кабылуу коркунучун да күчөтөт.
Кыздарга карата зомбулук боюнча маалыматтар өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Баяндамага ылайык, айрым аймактарда физикалык зомбулуктун көрсөткүчү 63%га чейин жеткен.
Акыйкатчы эрте никелердин алдын алуу боюнча мыйзамдык база жетиштүү түзүлгөнүнө карабастан, бул жааттагы укук бузуулар туруктуу мүнөздө сакталып жатканын белгиледи.