Чүй облусунун Сокулук районунда эки кабаттуу мечитте чыккан ири өрт толугу менен саат 03:00дө өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшөрү менен саат 20:15тен тартып 4 күжүрмөн эсеп өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүшүп, саат 22:12де чектөөгө алынган.
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Акжол Үсөн уулунун жетекчилигинде ыкчам топ, 1 водовоз, ИИМден 2 экипаж, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылып, мечитке жакын жайгашкан турак үйлөргө жалын өткөрбөй сактап калышты.
Ал эми тилсиз жоонун кесепетинен болжол менен мечиттин 900 чарчы метр аянты күйүп кетти. Жабыркагандар жок. Өрттүн себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз