Сокулукта жүк ташуучу унаанын аккумуляторлорун уурдагандар кармалды

Сокулукта жүк ташуучу унаанын аккумуляторлорун уурдагандар кармалды

Чүй облусунда унаалардын аккумуляторлорун уурдаган кылмышкерлер кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Новопавловка айылынын 32 жаштагы тургуну К.М кайрылып, 25-декабрга караган түнү үйүнүн короосунан жүк ташуучу унаанын 2 аккумуляторун уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Келтирилген зыяндын суммасы 30 миң сомдон ашык болгон.

Аталган факты “уурулук” беренеси менен Сокулук РИИБне катталган. Сотко чейинки териштирүүлөр башталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы кылмышка шектүү делип, 26 жаштагы А.Н. жана 25 жаштагы М.А. кармалды.

Мындан тышкары, иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган адамдардын Сокулук районунун аймагында (Новопавловка, Ак-Ордо айылдарында) ушул сыяктуу башка дагы уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталып, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлүүдө. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>