Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга ыракмат айтты

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга ыракмат айтты

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков туулган күнү менен куттуктагандарга ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” расмий баракчасына билдирүү жарыялады.

“Ар бириңизге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.  Мен үчүн айтылган ар бир каалоо-тилектериңер кымбат, өзгөчө маанилүү. Мага эмне кааласаңыздар, сиздерге да ошону каалайм”, – деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, кечээ 16-ноябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков 62 жашка толгон. Ал 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.

Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалаган. 2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстандын V президенти болуп шайланган.

2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу окуялардан кийин 15-октябрда кызматын тапшырууга аргасыз болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>