Сот аткаруучулар пара берсең гана ишин аткарат, — депутат (видео)

Сот аткаруучулар пара берсең гана ишин аткарат, — депутат (видео)

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев сот аткаруучуларды шайлоо жолу менен тандоону сунуштады.

Анын айтымында, мындай тажрыйба Казакстанда колдонулуп келет.

“Штат көбүрөөк берсек дагы жетишпейт. Учурда өкмөт жеке сот аткаруучулар болсун деген сунуш киргизип жатат. Ага сот системасы каршы болууда. Анткени сот аткаруучуларга учурдагыдай абал абдан пайдалуу. Себеби, алар соттун чечими бар экенин айтып, аларга кайрылган учурда  чыгымдарын төлөп берүүнү суранышат. Аны бербесең, эч нерсе аткарышпайт.  Соттун чечимин мамлекеттик сот аткаруучулар аткарбай жатышат. Пара берсең, ишин бат аткарат. Бербесең, иш бир-эки ай жата берет”, — деди депутат.

Бекешевдин айтымында, жарандар кааласа, мамлекеттик же болбосо жеке менчик сот аткаруучуну тандагандай шарт болушу керек.

“Сот аткаруучулар азыр өтө кыйын киши болуп калды. Жөн эле ордунан жылбайт, же пара бериш керек, же жогору жактан чалыш керек”, — деп кошумчалады эл өкүлү.

Ал эми Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков депутаттын сын-пикирлерин колдой тургандыгын айтып, Казакстандын тажрыйбасына күбө болуп келгенин жана бул сунушту талкуулоого даяр экенин кошумчалады.

Жыйында “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору  биринчи окууда талкууланып жатат.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>