Түркиядагы зилзала. Депутаттар боз үй жөнөтүүнү сунуштады

Түркиядагы зилзала. Депутаттар боз үй жөнөтүүнү сунуштады

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Түркияда жер титирөөдөн жабыркап, үй-жайсыз калгандарга боз үй, чатыр жөнөтүүнү сунуштады.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков кыйын күндөрү Түркия Кыргызстанга ар дайым жардам берип келгенин айтып, бүгүнкү күнү Кыргызстандын колдоосу боордош эл катары чоң мааниси бар экенин белгиледи.

«Бүт дүйнө жардам берип жатат. Биздин жардамыбыз, биздин моралдык жана материалды колдообуз өзгөчө мааниге ээ. Анткени биз бир тууган элбиз», — деди ал.

Сөзүн улай Кадырбеков жер титирөөдөн көп адам үй-жайсыз калганын, аларга боз үй, чатыр жөнөтүү зарыл экенин айтты.

 «Кыштын күнү эшикте түнөп жаткандар толтура. Ураган үйлөрдүн алдында жакындары калгандар кантип таштап кетет? Даяр үй берсе да кете албайт. 1999-жылы Стамбулда жер титирегенде Кыргызстан боз үйлөрдү жиберген экен. Азыр эң көп боз үй менен чатырлар керек болуп жатат», — деди ал.

Андан кийин депутат Шайлообек Атазов да Түркияга боз үй жөнөтүү демилгесин колдоп, депутаттардын бир күндүк айлыгын которуу сунушун айтты.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 5 миң 894, ал эми жабыркагандардын саны 34,8 миңге жетти. Ошондой эле 5 миң 775 имарат кыйраган.

Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн 63 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Андан тышкары гуманитардык жардам жөнөтүлөрү кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>