Сот Азамат Араевге 300 миң айып салды

Сот Азамат Араевге 300 миң айып салды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту өкмөттүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Азамат Араевге карата козголгон кылмыш иши боюнча өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Ал радио радиожыштыктарды сатуу боюнча иштин алкагында кармалган.

УКМК маалыматына ылайык, Азамат Араев айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган.

Айыпталуучу сотто ага тагылган айыптардын баарын моюнуна алган жана тергөө менен кызматташууга өз эрки менен макул болуп, берген убадаларынын баарын аткарган.

Натыйжада сот Араевди күнөөлүү деп табып, ага жаза катары 300 миң сом айып салган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>