Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
Сот департаментинин башкармалыгын башчысы 3 миллион сом пара алган деп кармалы
13.12.2019 | 16:00
Жогорку сотко караштуу Соттук департаменттин ресурстар башкармалыгынын башчысы Аида Асаналиева кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиттеттин басма сөз кызматы билдирет.
Такталгандай, Асаналиева Соттук департаменттин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, жеке ишкананын жетекчисинен, райондук соттордун биринин административдук имаратын капиталдык ремонт кылуудагы тендерде утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 млн сом өлчөмүндө пара алган.
11-декабрында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Аида Асаналиева УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар