Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Борбордук көчөлөр тазаланып, ички короолорго кезек жеткен жок — жашоочулар жолго чыга албай калышты
11.06.2026 | 10:12

Бишкектин Ленин районундагы Шота Руставели көчөсүндө (Ахунбаев көчөсүнөн жогору) жайгашкан короолордун биринин жашоочулары унаалары менен жумушка бара албай калышты. Анткени катуу шамалдан кийин кулаган дарак короодон чыгуучу жолду тосуп калган.
Шаар тургундарынын айтымында, алар кечээ эле саат 20:50дө муниципалитеттин кызматтарынын бирине билдирүү калтырып, сүрөттөрүн да тиркеп жөнөтүшкөн. Бирок шаардык кызматтар кулаган даракты ошол бойдон тазалаган эмес.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары Рамиз Алиевдин социалдык тармактардагы расмий баракчасында муниципалитет кызматкерлеринин калаанын борбордук жана ага чектеш көчөлөрүндө кечээки шамалдын кесепеттерин жоюп (тазалап) жаткан көптөгөн видеолору жарыяланган.