Депутат Бишкек менен Оштун ортосундагы темир жол каттамын калыбына келтирүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Илимбек Кубанычбеков Бишкек менен Оштун ортосундагы темир жол каттамын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Парламенттин жыйынында сүйлөгөн депутат акыркы убакта күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын өсүшү авиабилеттердин кымбатташына алып келип, элдин чөнтөгүнө олуттуу салмак түшүрүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, ушул себептен улам көптөгөн жарандар өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда каттоо үчүн автоунаа транспортун пайдаланууга аргасыз болууда. Бирок мындай каттамдар Бишкек—Ош унаа жолунда жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жана адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда.
«Темир жол каттамы жарандар үчүн эң коопсуз транспорттук байланыш болмок. Ошондуктан өкмөттөн бул долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнөбүз», — деди Кубанычбеков.
Ал Министрлер кабинетине долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгып, аны жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнү сунуштады.
Депутаттын пикиринде, Бишкек менен Оштун ортосундагы темир жол каттамын ишке киргизүү транспорттук коопсуздукту жогорулатып гана тим болбостон, калктын жашоо деңгээлине жана өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө да олуттуу салым кошмок.