11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — Абдыров
Сот Караколдо мурунку аялын ур-токмокко алган кишиге чечим чыгарды
20.08.2020 | 16:21
Каракол шаардык соту 26 жаштагы Абдилдин (аты редакция тарабынан өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу аталган шаардык соттон кабарлашты.
Окуя Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда, ушул жылдын 16-июнунда саат 20:30 чамасында өзүнүн үйүндө катталган. Анда мурунку аялы менен уруша кетип, ал жыгылып кеткенде, анын башына тепкилеген деген айып коюлган.
Сотто айыпталуучу өзүнүн күнөөсүн мойнуна албай, мурунку жубайын түртүп жибергенин гана айткан.
Жабырлануучунун айтымында, алар жарым жыл гана бирге жашашкан жана аны күйөөсү мурда дагы ур-токмокко алган.
Натыйжада, сот аны күнөөлүү деп таап, коомдук жайларда 40 саат иштөө чечимин чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар