Соттуулугу жоюлса да мамлекеттик кызматкер боло албайт. Жаңы талап

Соттуулугу жоюлса да мамлекеттик кызматкер боло албайт. Жаңы талап

Коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен соттолуп, кийин соттуулугу жоюлгандыгына карабастан мамлекеттик кызматты аркалашына тыюу салынат. Мамлекеттик органдарга кабыл алуунун жаңы жоболорун Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик иштеп чыкты.

Ага ылайык, мамлекеттик кызматта 21, ал эми муниципалдык кызматта 19 жаштан ашкан жарандар гана иштей алат.

«Коррупция жана башка мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген иштер менен айыпталгандарга мамлекеттик кызматта иштей алышпайт. Анын соттолгону жоюлган учурда дагы ишке алынбайт», — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары кызматтан терс көрүнүштөр үчүн алынгандар дагы резерв кадрга киргизилбейт.

Мындай жобо мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасоону алдын алууга багытталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>