Советтик жана россиялык телеалпаруучу, журналист Владимир Молчанов 76 жашында дүйнөдөн кайтты

13.05.2026 | 09:49

ЖМКлардын маалыматына караганда, советтик жана россиялык телеалпаруучу, журналист жана «До и после полуночи» программасынын автору Владимир Молчанов 75 жашында каза болду.

Маалыматка ылайык, Молчанов узакка созулган оорудан улам ооруканада көз жумган. Ал «Новости» басма сөз агенттигинде (АПН) эмгектенген, кийинчерээк «Время» программасынын эл аралык бөлүмүндө баяндамачы (комментатор) болгон.

Телеалпаруучуга 1987-жылдын мартында алгачкы чыгарылышы эфирге чыгып, кайра куруу доорунун (перестройка) символдорунун бирине айланган «До и после полуночи» маалыматтык-музыкалык программасы кеңири атак-даңк алып келген. Ошол эле учурда Молчанов «Время» жана «90 минут» (кийинчерээк — «120 минут») программаларын да алып барган.

Журналист 1999-жылдан тарта ВГТРК холдингинин долбоорлорунда эмгектенип келген. Ал «Ардак» ордени менен сыйланган, ошондой эле ТЭФИ жана Россия журналисттер союзунун «Россиянын алтын калеми» («Золотое перо России») сыйлыктарынын лауреаты болгон.

Scroll to Top