Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун басма сөз катчысы болуп Ерлан Жаманкулов дайындалды. Бул туурасында парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал буга чейин Ерлан Жаманкулов Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясында иштеген. Андан тышкары, 2016-2020-жылдары «Кулатуу Эртаймаш» улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын басма сөз катчысы болуп эмгектенген.