Сауд Арабия кыргызстандыктарга Меккеге зыярат кылууга уруксат берди

Сауд Арабия кыргызстандыктарга Меккеге зыярат кылууга уруксат берди

Сауд Арабиясы кыргызстандыктарга Меккеге зыярат кылууга уруксат берди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык зыяратчылар үчүн 2766 орун бөлүнгөн.

«Ажылык сапардын башталышына аз убакыт калганын эске алып, каттоодо турган жарандарды 25-апрелден баштап ажылык акысын электрондук түрдө төлөп баштоону суранабыз», — деп эскертет Муфтият.

Тизме менен муфтияттын сайтынан ажылыкка электрондук каттоо системасынан таанышса болот.

Эске салсак, Сауд Арабиясы 2022-жылы зыяратчыларга бир нече шарттарды койгон:

жашы 65 жаштан жогору эмес;

COVID-19га каршы эмдөө;

терс ПЦР тестинин жыйынтыгы.

Белгилей кетсек, 2020-жылдагы коронавирустук пандемияга байланыштуу Сауд Арабиясы чет элдиктерге Мекке жана Мединадагы Ислам ыйык жайларына зыярат кылууга тыюу салган. Эки жыл ажылык сапар чет элдик жарандардын катышуусуз өттү. Быйыл Сауд Арабиясы башка өлкөлөрдөн мусулмандарды кабыл алууну чечти.

Муфтияттын маалыматы боюнча, ажылыкка электрондук кезекке 6 миңдей кыргызстандык катталган. Буга чейин ал 2020-жылы жалпысынан 9 миң 586 адам ажылыкка катталганын билдирген. Алардын ичинен 2488 зыяратчы гана акчасын кайтарып алуу үчүн арыз жазышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>