Нургазы Анаркулов кимден акча талап кылгандыгы белгилүү болду

Нургазы Анаркулов кимден акча талап кылгандыгы белгилүү болду

Бишкекте, 30-январда, Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган.

УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган адам кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматка дайындоо жөнүндө оң чечим кабыл алуу үчүн мамлекеттик жетекчи кызмат орундарынын бирине талапкерден ири өлчөмдө акча талап кылган.

Reporter.kg’ге өздүк булак Анаркулов Болотбек Тиллебаевди КТРКнын башкы директорлугуна дайындоого жардам берем деп, пара талап кылгандыгын билдирди.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматынын жетекчиси кайсы сумманы талап кылгандыгы так белгисиз.

Белгилей кетсек, Болотбек Тиллебаев өткөн шайлоодо КТРКнын башчылыгына талапкерлердин тизмесинде болгон. Бирок, Байкоочу кеңештин 11 мүчөсү Бахтияр Алиевге добуш берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>