Нарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайт
Түркиядагы жардыруудан 6 киши набыт болду, 53 адам жабыркады
13.11.2022 | 22:12
Бүгүн, 13-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарынын борборунда болгон жардыруудан, акыркы маалыматтар боюнча, 6 киши курман болуп, 53 киши жабыркады. Бул тууралуу президент Режеп Тайип Эрдоган билдирди.
Ал Стамбулдун борборунда “бомба менен кол салуу болгонун” айтып, теракттын “жыты” бар экенин белгиледи.
“Алгачкы териштирүү учурунда, кескин түрдө “теракт” болду деп айтсак жаңылыштык болушу мүмкүн. Бирок бирге берилген алгачкы маалыматтарга караганда теракттын жыты бар”, – деди ал.
Эрдоган бул окуяга күнөөлүүлөр жазасын аларын белгиледи.
Эскерте кетсек, бүгүн, 13-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:20да Бейоглу районунда, Таксим аянтына чыккан Истикляль көчөсүндө жарылуу болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар