Starlink спутниктик интернети Кыргызстанда расмий түрдө иштей баштады

25.05.2026 | 09:55
карта сети старлинк

SpaceX компаниясынын Starlink спутниктик тармагы Кыргызстандын аймагында кызмат көрсөтө баштады. Республикада бул сервистин жеткиликтүүлүгү тууралуу маалымат Илон Масктын компаниясынын сайтындагы расмий камтуу картасында жарыяланды.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын апрель айында бийлик долбоордун техникалык жактан ишке киргизилишин жарыялаган болчу. Мунун алдында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Вашингтондо SpaceX компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, мыйзамдык базаны даярдоо жана техникалык талаптарды аткаруу маселелерин талкуулаган.

Starlink’ти ишке киргизүү була-оптикалык (оптоволокондук) линияларды тартуу кыйынга турган өлкөнүн эң алыскы жана бийик тоолуу райондорунун тургундарын жогорку ылдамдыктагы байланыш менен камсыз кылууга жол ачат. Эми Кыргызстандын бардык аймагындагы колдонуучулар расмий түрдө жабдууларга буйрутма берип, глобалдык тармакка туташа алышат.

Scroll to Top