Депутат инсульттан кийин кароого муктаж болгон карылардын жакындарына маяна төлөөнү сунуштады

01.10.2026 | 11:05
Депутат инсульттан кийин кароого муктаж болгон карылардын жакындарына маяна төлөөнү сунуштады — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу туруктуу кароого муктаж болгон улгайган жакындарын багуу үчүн жумушун таштоого аргасыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө маяна төлөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, учурда мамлекет I топтогу майыптыгы бар адамдарды караган персоналдык ассистенттерге каражат бөлүп, алардын эмгегине акы төлөйт. Бирок улгайган курагында ден соолугу начарлап, анын ичинде инсульттан кийин туруктуу кароого муктаж болуп калган адамдардын жакындары үчүн мындай колдоо каралган эмес.

Карыбек уулу мындай учурларда үй-бүлө мүчөлөрү ата-энесин кароо үчүн негизги жумушун таштап, бардык убактысын аларга кам көрүүгө арноого аргасыз болуп жатканын белгиледи.

«Өзүнүн негизги ишин таштап, ата-энесин карап жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнө персоналдык ассистент катары маяна төлөнүп берилиши керек», — деди парламентарий.

Ал Жогорку Кеңештин жетекчилигинен тиешелүү протоколдук тапшырма берип, бул сунушту өкмөткө жөнөтүүнү өтүндү.

Депутаттын пикиринде, туруктуу кароого муктаж болгон улгайган адамдарды багып жаткан үй-бүлөлөрдү колдоо мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири болушу керек.

Scroll to Top