Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Аида Исмаилова Түштүк Кореяга элчи болду
16.02.2022 | 18:16
Аида Исмаилова Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, социалдык маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, ошондой эле Кыргызстан-Корея депутаттык достук тобунун жетекчиси болгон.
2020-жылдын 1-апрелинде социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр кызматына дайындалган.
2020-жылы октябрдагы парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясы менен шайлоого аттанган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат