Сулайманов: Казакстан ЕАЭБдин нормаларын аткарбай жатат

Сулайманов: Казакстан ЕАЭБдин нормаларын аткарбай жатат

Жогорку Кенештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин бүгүнкү жыйынында Кыргызстанда ун тартыш болуп жаткандыгы боюнча маселе көтөрүп, бул боюнча өкмөттү конкреттүү кадамдарга барууга чакырды.

[su_quote cite=»деди Алтынбек Сулайманов.»]Казакстан менен унга чектөөнү алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүңүздөр. Эмне үчүн биз казак туугандарга 1982-жылкы келишимди кайра карап чыкпастан суу берип атабыз. Таластагы Киров суу сактагычынын 92 пайызы казак тарапка кетет. Чүйдөгү Орто-Токой суу сактагычынан, Токтогулдан, баары биригип Казакстанга 1 миллиарддан ашык суу берип жатабыз. Анда сууну кое бергиле силер дагы. Эмнеге биз топтоп беришибиз керек? Кое берип таштаныздар азыр. Ушул маселелерди өкмөт деңгээлинде чечишиңиздер керек. ЕАЭБдин нормаларын биздин өнөктөштөр эмнеге сактабай жатат?[/su_quote]

Эл өкүлүнүн суроосуна жыйынга келген өкмөт мүчөлөрүнүн эч кимиси жооп берген жок.

Учурда Кыргызстанда ун тартыш болуп жаткандыгы айтылууда. Маселен Таласта кече ун такыр эле калбай калгандыгы маалым болгон. Аталган аймак унду негизинен Казакстандын Жамбыл облусунан ташыйт. Чегаралар жабылганы Казакстандан ун келбей калган. Бүгүн аймакка 50 тонна ун келип түшкөнү белгилүү болду. Бирок жергиликтүү бийлик бир адамга бир гана кап ун сатуу боюнча чечим чыгарган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>