Кыргызстан ШКУ өлкөлөрү менен кандай соода кылат жана андан канча киреше табат?Адылбек Касымалиев менен Хусейн Иса кыргыз-мисир кызматташтыгынын маселелерин талкуулаштыБишкекте Кыргыз-кытай алдыңкы инженерлер институту ачылдыШКУнун Өнүктүрүү банкынын штабы жана жасалма интеллект тармагы: Токаев ШКУга жаңы реформаларды сунуштадыСадыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнө «Тамчынын» мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну сунуштадыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: спорттук мелдештер качан жана каякта өтөт
Сурамжылоо: Аялдар үйдө бала карап, эркектер акча табышы керек
08.03.2022 | 13:06
Эмгек рыногунда аялдар эркектерге караганда азыраак. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылы эркектердин эмгекке катышуусу 75%ды, аялдардыкы 46%ды түздү. Эгерде айылдык жана шаардык аялдарды салыштырсак, бул жерден чоң айырманы көрүүгө болот. Шаарларда аялдардын эмгекке тартылуусу 49%ды, айыл жеринде 44%ды түзөт. Экономикалык активдүү эмес калктын арасында аялдардын үлүшү 69% түзөт. Ошол эле учурда үй ээлеринин жалпы санынын 97%ын аялдар түзөт.
Коомдо гендердик боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында, эркектер менен аялдардын 80%га жакыны аял үй-бүлөнү, бала-чаканы карап, эркек акча табышы керек деп эсептейт.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом