Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койду
27.08.2021 | 16:23
Кыргызстандык суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү туурасынан сүзүп, дүйнөлүк рекорд койду. Сууда сүзүүчү 181 чакырымды басып өттү.
Владислав Шулико сууга сүзүүнү 22 -августта таңкы саат 7.30да баштап, бүгүн, 27 -августта Балыкчыдан аяктады.
Сууда сүзүүнүн үчүнчү күнү ал үчүн эң кыйын болду. Абанын температурасы төмөндөдү, катуу шамал болду.
Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын кызматкерлери кайыктар менен коштоп жүрүштү.
Ысык-Көлдүн узундугу 182, туурасы 58 чакырым. Эң терең жери 702 метр.
Владислав Шулико бир катар эл аралык таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт