Сузакта 10 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм Оштон табылды

Сузакта 10 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм Оштон табылды

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак районунун Винсовхоз айылынын 2007-жылы туулган тургуну Султанбаев Абдумалик, 2022-жылдын 3-июнь күнү саат 10.30 чамаларда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткан.

10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан уулун таппай, 1973-жыды туулган М.Р. аттуу апасы  милицияга жана коомчулукка жардам сурап кайрылган.

Ош облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана балдардын укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан Абдумалик жүргөн жеринен табылып, Сузак РИИБдин Балдар менен иштөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ал эми  Абдумалик Ош шаарынан Сузак РИИБне алынып келинип, апасынын карамагына тапшырылган. Ата-энеси милицияга ыраазычылыгын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>