Марат Казакпаевдин өлүмү: Жубайы абакта кыйноолор болгонун айткан

Марат Казакпаевдин өлүмү: Жубайы абакта кыйноолор болгонун айткан

Саясий талдоочу Марат Казакпаевди Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери үч жолу жолугуп келишкен. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, акыркы жолугушуу 7-июнда болгон. Кийин ал жактоочу менен жолуккандыктан кызматкерлер аны менен сүйлөшө албай калган.

“Жубайы тарабынан 26-апрелде арыз түшкөндөн кийин өзүм барып Казакпаев менен жолугуштум. Бирок ал басым жасалбаганын билдирди. Аялы көзүнө лампа такап кыйнашканын айтты эле, аны да сурасам «жок» деди. Кайра-кайра сурадым, эч жакка чыгарбай колдон келген аракетти көрөйүн дедим. Ал кишинин арызданганы эки гана нерсе болду. Биринчиси — №1 СИЗОго которуу менен коркутуп жатканы, экинчиси — медициналык кароодон өтүү зарылчылыгы», — деди Бакыт Рысбеков.

Абактан ооруканага которулган Марат Казакпаев 10-июнда каза болгон.

УКМК Марат Казакпаевдин ден соолугу боюнча билдирүү таратып, анда Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинен тартып Кылмыш-жаза кодексинин 307-берененин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча камакта жатканы айтылган. Анын кылмыш иши 2022-жылдын 9-мартынан тарта Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>